Кытай Кыргызстан сунуштаган долбоорлорду колдоого даяр

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапары учурунда Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАРдын Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй менен жолугушту. Алар соода-экономикалык, транспорт, көзөмөл өткөрүү жайлары, энергетика жана маданий-гуманитардык тармактары боюнча сүйлөшүштү.
Кыргызстан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүп, СУАР Кытайдын базарына кирүү үчүн маанилүү экендигин белгилеп келет. Мындан улам “Улуучат” өткөрүү пунктунун бажы аймагында айыл чарба продукцияларын сактоочу көзөмөл кампасынын зарылчылыгы бир нече жолу айтылган. Ушуга байланыштуу кампа куруу үчүн 13 гектар жер бөлүнгөнү белгилүү болду.
Жолугушуу учурунда Акылбек Жапаров электрондук коммерция жана логистикалык борборлордун куруунун зарылчылыгына токтолду. Соода-логистикалык комплексин курууга Кыргызстандын Ош жана Нарын облустарында жер каралганын жана энергетика тармагында кызматташуу, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикирин билдирди.
Эки тарапту сүйлөшүүнүн жүрүшүндө быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайын ачуу, ошондой эле “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун курулушун баштоо жөнүндө да сөз жүрдү.
Минкаб төрагасы, маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында, Кытайдагы этникалык кыргыздардан түзүлгөн театралдык тобун жана фольклордук ансамблин Кыргызстанда концерт уюштурууну сунуштады.
Ма Синжуй мырза болсо, эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Лавров: БРИКСтин кеңейиши токтотулду

БРИКС өлкөлөрү курамын кеңейтүү боюнча тыным алуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. «Ондук ичинде көпчүлүк добуштар менен жаңы мүчөлөрдү кабыл алууда тыныгуу чечими кабыл алынды, анткени курам эки эсеге көбөйгөн жаңы келгендерди өздөштүрүү керек»,-деди Лавров. Учурда БРИКСке төрагалык кылып жаткан Россия альянстын олуттуу […]

Сизге жагышы мүмкүн