Кытай Кыргызстанга 200 млн юань грант бөлөт

Автор

Кытай Кыргызстанга 200 миллион юань өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү меморандумга кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана кытай тараптан Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй кол койду.
Макулдашуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин кытай тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты.
Белгиленгендей, бөлүнгөн гранттык каражат артыкчылыктуу багыттардагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

Бөлүшүү:
Next Post

Окумуштуулар: Коронавирус базардан тараган

Эл аралык изилдөөлөрдө коронавирустун таралышы Кытайдын Ухань шаарындагы Хуанань базарынан башталганын айтышты. Бул изилдөөнү АКШ менен Улуу Британиянын окумуштууларынан турган 23 илимпоз даярдап, Cell журналына жарыялашты. Маалыматка ылайык, COVID-19 менен ооруган алгачкы белгилүү бейтаптардын көбү Хуанань деңиз азыктарын дүң базарда иштеген же ал жакка барган адамдар болгон. Дарыгерлер алгач бул […]

Сизге жагышы мүмкүн