Кытай континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады

Автор

Кытайдын Элдик-куткаруу армиясынын ракеталык бөлүгүнүн аскерлери 25-сентябрда эртең менен дүрмөт баштын макети орнотулган континенттер аралык баллистикалык ракетаны Тынч океанга ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу Кытайдын Коргоо министрлиги маалымдады.
Ракета белгиленген аймакка жетти. Учуруу ракеталык бөлүктүн жылдык аскердик машыгуулар алкагында ишке ашырылды. Мурдараак Кытай учуруу тууралуу кызыкдар мамлекеттерге кабарлаганын коргоо мекемеси билдирди.
Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги билдиргендей учуруу ийгиликтүү аткарылды. Максаты курал-жарактын натыйжалуулугун жана аскерлердин даярдык деңгээлин текшерүү болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте автобус айдаган 30 кызматкер жумуштан алынат

Бишкекте муниципалдык автобустарды айдаган 30 айдоочу жумуштан кетет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар жол эрежесин одоно бузуп, каршы тилкеге чыгуу, тыюу салынган жол чырактардан өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка эреже бузгандыгы калаа башчы Айбек Жунушалиев “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында автобустардын айдоочулары менен жолугууда айтылды. […]

Сизге жагышы мүмкүн