Батыш өлкөлөрү Украинаны курал менен камсыздоону токтотуп, дипломатиянын өз ролун ойношуна жол бериши керектигин Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь билдирди.
“Айрым өлкөлөр отко май куюп, эл аралык коомчулуктун дипломатиялык аракеттерине шек келтирүүнү тез арада токтотушу керек”,-деди ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Ал НАТОну бир тараптуу санкциялар жана жалаа жабуу саясатынан баш тартууга, коркутууларды, согушка чакырыктарды токтотууга чакырды.
2023-жылдын февралында Кытай бийлиги Украина боюнча позициясы жазылган документти жарыялаган. Анда ок атышууну токтотуу, бардык өлкөлөрдүн мыйзамдуу коопсуздук кызыкчылыктарын урматтоо, Украинадагы гуманитардык кризисти жөнгө салуу сыяктуу 12 пункт камтылган.
Президент Владимир Путиндин айтымында, Батыш менен Киев буга даяр болгондо Кытайдын тынчтык планынын көптөгөн пункттары жөнгө салуу үчүн негиз катары алынышы мүмкүн.