Кытай биринчилерден болуп Айдын ары жагынан топурак алып келди

Автор

Кытайдын “Чанъэ-6” ай зондунун модулу 25-июнда эртең менен Айдын арт жагындагы топурак үлгүлөрүн Жерге жеткирди. “Синьхуа” агенттигинин маалыматына караганда топурак салынган капсула зонддон парашют менен ташталып, Кытайдын түндүгүндө жайгашкан Ички Монголия автономдук районунда конду.
Кытай Айдын арт жагындагы топурак үлгүлөрүн чогултуп, Жерге жеткирген биринчи өлкө болду.
“Чанъэ-6” миссиясы 53 күнгө созулду. Космостук аппаратты 3-майда Кытайдын Хайнань аралынын түштүк аймагындагы Вэньчан космодромунан Айга учурушкан. Бир айдан кийин, 2-июнда аппарат Айдын арт жагындагы Түштүк уюлунда жайгашкан Аполлон кратерине конгон. Топурак үлгүлөрүн чогулткандан кийин, аппарат 4-июнда көтөрүлүп, Айдын орбитасына чыкты. Ал жерден зонд Жерге кайтууга мүмкүнчүлүк күткөн 13 күн өткөрдү. Кытай илимдер академиясынын Геология жана геофизика институтунун илимий кызматкери Ян Вэй CGTNге миссияны “Айды өздөштүрүү тарыхындагы маанилүү окуя” деп атады. Иликтөөчү миссия “Айдын эволюциясын толук түшүнүүгө көмөктөшөт” дешет.
2020-жылдын декабрында кытайлык “Чанъэ-5” аппараты Айдын көрүнгөн тарабындагы топурак үлгүлөрүн Жерге жеткирген. Бул 1976-жылдан бери биринчи жолу.
Кытайдан мурда Айдын топурагын Жерге жеткиргендердин арасында АКШ жана СССР гана бар эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Мугалимдердин эмгек өргүүсүн төлөөгө 7 млрд сом бөлүндү

2023-2024-окуу жылы үчүн жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерине эмгек өргүүсүн төлөөгө 7 млрд сом бөлүндү . Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мугалимдер эмгек өргүүсүн 2024-жылдын 1-июнунан тарта ала башташты. Мугалим жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 млрд сомду түздү. […]

Сизге жагышы мүмкүн