Кытай Африкага 50 миллиард доллар берип, 1 миллиондой иш орундарын түзөт

Автор

Кытай Африкада өнөр жай, айыл чарба, инфраструктура, соода жана инвестиция тармагында кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Африка континенталдык эркин соода аймагын өнүктүрүүгө жана логистикалык, каржылык кызматташууну тереңдетүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу Кытай лидери Си Цзиньпин Пекинде өткөн Кытай-Африка кызматташуу форумунда айтты.
Мындан тышкары, Кытай Африкада 30 инфраструктуралык жана 30 аз көмүртектүү энергетика долбоорлорун ишке ашырат. Атом энергетикасын өнүктүрүүгө да көмөктөшүү пландалууда. Бул Африканын электр энергиясынын тартыштыгын чечип, континенттин өнүгүүсүн тездетүүгө жардам берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт. Чүй өрөөнүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн