Кытай АКШны коронавирустун келип чыгышын саясатташтырбоого чакырды

Автор

“АКШ коронавирустун келип чыгуу маселесин саясатташтырууну жана аны курал катары колдонууну, башка өлкөлөрдү жамандаганды токтотууга тийиш”,- деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Линь Цзянь.
Отчетто маңыздуу далилдер жок экенин айткан дипломат АКШны Форт-Детриктеги лабораториянын ишмердүүлүгү жөнүндө жана дүйнө жүзүндөгү америкалык биологиялык лабораториялар боюнча маалыматтарды коомчулукка ачыктоого чакырды.
Линь Цзяньдин айтымында, коронавирустун келип чыгышы олуттуу илимий көйгөй болуп саналат. Кытай ар дайым илимий ачыктык жана айкындуулукту карманып, вирустун келип чыгуусун аныктоого багытталган глобалдык илимий изилдөөлөрдү активдүү колдоп келет. Ал ДССУнун эксперттик тобу Кытайдагы лабораториядан вирус чыкпаганын айтканын эске салды.
АКШнын конгрессмендери эки жылдык иликтөөнүн жыйынтыгында коронавирус лабораториялык жол менен келип чыгуу ыктымалдыгын билдирди. Америкалык мыйзам чыгаруучулардын отчетунда “COVID-19 вирусу эң чоң ыктымалдык менен Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан чыккан”,- деп айтылган.
Кытайдын бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Ухань шаарында белгисиз пневмониянын эпидемиясы чыкканын ДССУга маалымдаган. 2020-жылдын башында Кытайда белгисиз вирустук пневмониянын себеби коронавирус экени расмий түрдө жарыяланган. 11-мартта ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жаңы коронавирустун жайылышы пандемия мүнөзүнө ээ экенин билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Араванда пара алып жаткан подполковник кармалды

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча жетекчинин орун басары, милициянын подполковниги 120 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМКга жергиликтүү тургундардын бири Араван райондук ИИБнын кызматкерине карата чара көрүүнү өтүнгөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн