Кытай АКШга каршы санкция киргизди

Автор

Кытай америкалык аскердик жабдууларды өндүрүүчү Lockheed Martin компаниясына каршы санкцияларды киргизди. Пекин АКШнын Тайванга курал берүү чечимине ушундай жооп кайтарды.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кытай өкмөтү аскердик техника өндүрүүчү Lockheed Martin компаниясына жаңы санкцияларды киргизди. Мындай чечим мамлекеттер Тайванга курал берүүгө макул болгондон кийин кабыл алынган.
«АКШ жакында дагы бир жолу Тайванга курал сатууну жарыялады, бул «бир Кытай» принцибин жана үч кытай-америкалык биргелешкен коммюникени одоно бузуп, Кытайдын ички иштерине олуттуу кийлигишет жана Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө олуттуу зыян келтирет. Кытай тиешелүү уюмдарга жана Lockheed Martin компаниясынын жогорку даражалуу кызматкерлерине каршы чараларды көрүүнү чечти”,-деп айтылат билдирүүдө.
Чектөөлөр компаниянын жетекчилигине да таасирин тийгизди. Президенти баштаган бир катар жетекчилер Гонконг менен Макаога кирүүгө тыюу салынды.
Бир нече күн мурда АКШ Тайванга 1000ден ашык учкучсуз түзүмдү 360 миллион долларга сатууга уруксат бергени кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров Кытайга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-27-июнда жумушчу сапары менен Кытай Эл Республикасына барат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ал иш сапарынын алкагында Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарында өтө турган “Кытай-Евразия ЭКСПО: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар […]

Сизге жагышы мүмкүн