Кытай Айды изилдөөчү спутнигин сынады

Автор

Кытай орбитада Айды изилдөөчү «Кэвяо-2» спутнигин ийгиликтүү сынады. Ал Жер менен Айдын ортосундагы байланышты камсыз кылууга арналган. Бул тууралуу Кытайдын улуттук космостук башкармалыгы билдирди.
Планга ылайык, аппарат Жердин табигый спутнигинин топурагынан үлгүлөрдү чогултуп, изилдөө үчүн Пекинге жеткирет. Акыркы жылдары Кытай өзүнүн улуттук космостук программасын активдүү иштеп чыгууда. Метеорологиялык, телекоммуникациялык жана навигациялык спутниктерди, ошондой эле Айды изилдөөгө арналган технологияларды иштеп чыгууда.

Бөлүшүү:
Next Post

"Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу башталат

КР президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майдан 30-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. “Эл үмүтү” стипендиясынын максаты – Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет […]

Сизге жагышы мүмкүн