Тик Токтун кожоюну Чжан Имин Кытайдын эң бай адамы деп табылды. Анын каражаты 49.3 млрд доллардан ашкан. АКШдагы активдер боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатса да, Byte Dance Technologyнин 2023-жылдагы кирешеси 30 пайызга өсүп, Чжан мырза Кытайдын экинчи бай адамы деп табылган эле. Ал эми быйыл, 2024-жылга карата дүйнөдө Тик Ток колдонуучулар 1 млрд 600 млн адамды түздү.