Кытайдын Украинага жардам берери белгилүү болду

Автор

Кытай Украинага кошумча гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ТИМ башчысы Ван И БУУнун Ассамблеясында украиналык кесиптеши Андрей Сибига менен жолугушууда айтты.
«Кытай буга чейин Украинага төрт жолу жардам берди жана муктаждыктарга жараша дагы жардам берүүгө даяр», — деди Ван И. Ошондой эле ал Украинадан кытай жарандарынын коопсуздугун камсыздоону улантат деп күтөөрүн билдирди.
Буга чейин Ван И БУУда Зеленскийдин сөзүнө катышпай, Россиянын ТИМ башчысы Лавров менен жолугушуу өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 27-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 04 тыйын болсо, сатуу 84 сом 49 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн