Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Тажикстанга келет

Автор

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 4-6-июлда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул сапар республика президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен болот.
Мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү тар жана кеңейтилген форматта өткөрүшөт. Кытай төрагасы сапардын алкагында Тажикстандын өкмөтүнүн жана парламентинин жаңы имараттарынын ачылышына катышары күтүлүүдө.
Бул сапарга чейин Си Цзиньпин Казакстанга барып, ШКУ саммитине катышат. Саммиттин катышуучулары экономика жана энергетика маселелерин талкуулашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 2-июль саат 09:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 20 тыйындан болсо, сатуу 87 сом 10 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 35 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн