Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин президент Владимир Путиндин чакыруусу менен 2023-жылдын 20-22-мартында Россияга мамлекеттик сапар менен келерин Кремлдин расмий Telegram каналы билдирди.
Маалым болгондой, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россия менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Ошондой эле бир катар маанилүү эки тараптуу документтерге кол коюлат.