Кытай Эл Республикасынын төрагасынын орун басары Хань Чжэн америкалык ишкер Илон Маск менен Вашингтондо жолугушту.
Хань Чжэн президент Дональд Трамптын инаугурациясына катышуу үчүн Вашингтонго келген.
Хань Чжэн менен Масктын жолугушуусу 19-январда өткөн. Анда төраганын орун басары Пекин америкалык ишканалардын, анын ичинде Tesla компаниясынын Кытайдын сунуштаган мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатканына кубанычта экенин билдирди.
Ал эми Маск Tesla компаниясы Кытайга болгон инвестицияларды жана кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин жана АКШ менен Кытайдын ортосундагы экономикалык жана соода алмашууларды илгерилетүүдө активдүү роль ойноого ниеттенгенин айтты.