Кытайдын Одессадагы башкы консулдугу жарылуудан жапа чекти

Автор

Кытайдын Одессадагы башкы консулдугунун дубалдарынын бир бөлүгү жана терезеси  жарылуунун толкунунан жапа чекти. Жабыркагандар жок.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги сайтында билдирүү таратты. Анда “Кытайдын Одессадагы башкы консулдугунун жанында жардыруу болуп,анын  толкунунан дубалдардын бир бөлүгү, башкы консулдуктун терезелери талкаланган”,-деп жазылган. Маалыматка ылайык, Кытай тарап окуяларга көңүл буруп, тиешелүү тараптар менен кызматташууну улантууда.  Украинадагы кытай мекемелеринин жана кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын элчиси Украинанын Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Элчини Кыргызстан аркылуу Россияга кош максатта колдонула турган буюмдарды жана курал жасоодо колдонула турган жогорку технологиялык компоненттерди жеткирүү маселеси боюнча түшүндүрмө алуу максатында чакырышкан. 20-июлда АКШнын Каржы министрлиги санкцияланган товарлардын Россияга жеткирилишине байланыштуу кыргызстандык  RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, […]

Сизге жагышы мүмкүн