Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин мурдагы премьери Ли Кэцян 27-октябрда 68 жашында Шанхайда каза болду.
Мамлекеттик ишмердин 26-октябрда капыстан жүрөк оорусу кармап, 27-октябрда көз жумган.
Ли Кэцян 1997-жылдан бери Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү. 2008-жылдын мартында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган. Бул кызматта өнүктүрүү жана реформалар, энергетика, курулуш жана саламаттыкты сактоо боюнча жооптуу болгон.
Ли Кэцян 2013-жылдан 2023-жылга чейин эки жолу беш жылдык мөөнөткө премьер-министр болуп иштеген. Март айында анын ордуна Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ли Цян келген.