Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кыргызстандыктарга таарынды. Ал бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда элчилик жана элчиликтин кызматкерлери түшкү тыныгуусуз иштеп, кыргызстандыктарга виза берүү иштери менен алек болушат. Бирок, дипломаттар жетишсиз болгондуктан виза албагандар же, визасы кечеңдегендер кемсинткен сөздөр менен кызматкерлерди урушушат. Элчи айым визаны 1 күндө же, 1 айда алуу мүмкүн эмес деп билдирди.