Кытайда катуу жер титирөөдөн 100дөн ашуун адам көз жумду

Автор

Кытайдын түндүк-батышында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Ганьсу жана Цинхай провинцияларында 111 адам өлүп, 230у жарадар болгонун Синьхуа агенттиги кабарлады.
Европанын Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ланьчжоу шаарынан 102 чакырым түштүк-батышта, 35 чакырым тереңдикте болгон.
Күчтүү жер титирөөнүн натыйжасында суу менен камсыздоо, электр энергиясы, транспорт жана байланыш каражаттары бузулган. Жер титирөө болгон аймакка 1,4 миң өрт өчүрүүчү жана куткаруучу тартылган.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин адамдарды издөө-куткаруу жана жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн бардык аракеттерди көрүүнү талап кылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн тери кызарып кетет?

Үшүктөн, жыттан, нервдик чыңалуудан же башка факторлордон тери кызарат. Бул күтүлбөгөн жерден болот жана адам тарабынан башкарылбайт. Беттин гиперемиясы, адатта, оору учурунда дене температурасынын жогорулашы менен пайда болот. Бул физиологиялык деп эсептелет, анткени дене айлана-чөйрөгө жылуулукту алып салууга аракет кылат. Кызаруусу өзүнөн өзү кетсе, бул патология эмес. Бирок кээде баары […]

Сизге жагышы мүмкүн