Кытайда калктын салмагын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик программа киргизилди

Автор

Кытайда калктын салмагын көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча үч жылдык кампания жарыяланды, деп билдирет “Синьхуа” агенттиги. Бул документти өлкөнүн 16 ведомствосу жана уюму, анын ичинде мамлекеттик ден соолук комитети, билим берүү министрлиги жана жарандык администрация министрлиги даярдашкан. Документте айтылгандай, Кытайда үч жылдын ичинде айрым топтордун арасында “нормалдуу эмес салмак” маселесин жакшыртуу зарыл.
“Документте иш берүүчүлөрдү кызматкерлердин физикалык көнүгүүлөр менен машыгуулары үчүн инфраструктураны жана башка ыңгайлуулуктарды камсыз кылууга үндөө сунушталды. Кампустарда туз, кант жана май жогору болгон азыктарды сатуу аракетин алдын алуу үчүн дени сак тамак-аш жайларын жана ресторандарын активдүү куруу керек. Ошондой эле окуучулардын физикалык абалын жакшыртуу үчүн күн сайын мектепте жана мектептен кийин бир саат физикалык активдүүлүктү камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу сунушталат”, деп жазат агенттик.
Мындан тышкары, салттуу кытай медицинасына чоң роль берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 28-июнь саат 10:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 00 тыйындан болсо, сатуу 86 сом 97 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 45 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн