Кытайда дүйнөдөгү эң ири күн электр станциясы ишке кирди

Автор

Күн электр станциясы Кытай Эл Республикасынын «Power China» улуттук энергетикалык компаниясына таандык. Кубаттуулугу 3,5 гигаватт болуп, үч миллиондон ашык үй-бүлөнү энергия менен камсыз кылат. Жарыкка сезгич күн панелдери станциянын аянтынын 800 чарчы километрден ашык аянтын ээлейт.
Күн электр станциясы 2023-жылдын августунда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун чөлдүү бөлүгүндө өлкөнүн түндүк-батышында курула баштаган. Учурда 1,5 гигаватттык участок электр тармагына кошулган. Күчү кичине мамлекетти, мисалы, Люксембургду камсыз кылууга жетет. Көмүрдү керектөөнү эки миллион тоннага азайтат. Бул көмүр кычкыл газынын, көө жана азот кычкылдарынын абага бөлүнүшүн кыскартат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мелис Мырзакматовго таандык базар канча каражат табаары айтылды

“Бул базарды элдин баары Мелис Мырзакматовго тийешелүү экенин айтып жатышат. Анда 512 контейнер коюлган экен. Анын 2023-жылга чейинки төккөн салыгы 600 миң сомго жеткен эмес. Ал эми былтыр 2 млн сомго жакын салык төккөн. Ар бир контейнердин арендасы катары 8900 сомдон болгондо, алган акчасы 71.200 сомго жетет. Биз болсо, ары […]

Сизге жагышы мүмкүн