Кытайдан 18 даана мобилдүү клиника алынып келди. Бул мобилдүү клиника Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам иретинде белекке берилген. Учурда аларды борбордук аянтта жайгаштырып жатат.
Биздин кабарчыбыздын билдиргенине караганда мобилдүү клиника бир канча атайын палаткалардан турат. Жуманын соңунда министрлер кабинеттинин төрагасынын катышуусунда расмий түрдө тапшыруу салтанаты өткөрүлөт.