“Президент Шаньдун провинциясына атайын барып, автобус чыгарган завод менен таанышып кайтты. Ал жерде биз ала турган 1000 автобус жасалып жатат”. Мындай маалыматты тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-радиого берген маегинде билдирди. “Ал заводдо бир гана автобус эмес башка техникалар дагы жасалат экен. Маселен, комбайн, трактор, камаздар чыгат. Автобустардын кызматын көрсөткөн борбор ачканга сүйлөштүк”,- деди министр.