Кырсыктаган учактын бир учкучу каза болду

Автор

Вильнюс эл аралык аэропортуна жакындаганда DHL компаниясына таандык жүк ташуучу учак кырсыкка учурады. Окуяда бир учкуч каза болду.
Куткаруучулар учактын урандыларынан учкучту чыгарышты. Ал эсине келгени менен бир нече мүнөттөн кийин алган жаракатынан көз жумду. Дагы эки адам ооруканага жеткирилди.
DHL компаниясынын жүк ташуучу учагы Вильнюс аэропортуна жакындаганда кырсыкка учураган. Аба кемесинде эки учкуч жана компаниянын эки кызматкери болгон. Учкучтардын бирин куткарып калууга мүмкүн болгон. Учак Лейпцигден Вильнюска учуп бараткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Ноокатта айрым милициялар камакка алынышты

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы кармалганын билдирди. Алар Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган видеого байланыштуу кылтакка илинишкен. Видеодо Тимур Абдисатар уулуна милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн