Куткаруучулар Тамань аймагынын жээгинде бара жатып, тайыз жерге туруп калган “Волгонефть 239” танкеринин экипажын эвакуациялоону аякташты. Бардык 14 экипаж мүчөсү жээкке чыгарылды. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
15-декабрда катуу шамалдан улам “Волгонефть-212” танкери 13 экипаж мүчөсү менен жана “Волгонефть-239” танкери 14 экипаж мүчөсү менен кырсыкка учураган. Алар мунай заттарын ташып бара жаткан. “Волгонефть-212” танкеринен да экипаж эвакуацияланган, бирок, бир адам көз жумган.