Кыргыз – Өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды

Автор

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ушул жылдын 3-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы «Кум» чек ара тилкесинде Кыргызстандан Өзбекстан тарапка чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Бангладеш өлкөсүнүн 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды.

Ошол эле убакытта 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. жогоруда айтылган чет элдик жарандарды Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө көмөк көрсөтүүгө аракет кылганы аныкталып, кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Сот жана прокуратуранын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында  мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.   Комиссия түзүү демилгесин “Мекенчил” депутаттык тобу көтөргөн.   Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:   — «Ата-Журт […]

Сизге жагышы мүмкүн