Кыргыз – Өзбек футболчулары Дубайда беттешет

Автор

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командалары бүгүн, 25-декабрда Дубайда контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш машыгуулар алкагында өтүп, анда оюнчуларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелбейт.
“Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөр жок жабык форматта орун алат”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенге 316 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Быйыл 21-декабрга карата Баткен облусунун 358 ишкердик субъекттерине 316,6 млн сом жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине, жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. “Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын […]

Сизге жагышы мүмкүн