Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин “Капкан” романы түрк тилинде чыкты

Автор

Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуб Өмеруулу “Кыргыз адабиятынын жашаган чоң жазуучусу Султан Раевдин “Капкан” деп аталган жаңы китеби чыкты”,- деп жазды.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин түрк тилинде “Pusu” деп аталган китеби Анкарада жарык көрдү.
“Бенгү” басма үйү өзү басып чыгарган китеп тууралуу мындай пикирин бөлүштү.
“Капкан” учурдун көйгөйүнө айланган жалгыздык жана коомчулуктун баскысына кабылган аялзатынын муңун, ыйын, айласыздыгын чагылдырган укмуш чыгарма. Раев “аял эмнеге жалгыз” деген суроого жооп издеп жатып, аялдын коомдогу ордун, ал эми эркектердин бул жалгыздыктагы ролун таразага салат. Жазуучубуз чыгармаларын бышып, жетилген уста жазуучу катары калемге алган”,- деп окурман журтчулугуна тааныштырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: “Сабырдуулук – бул нур”

Сабыр деген эмне? Сабыр башка келген азаптарга чыдоо, кечилген күнөө, жамандан оолак болуу. Сабыр – илимде болсун, ишкерликте болсун, деги эле кандай амал болбосун ишеничти актоо… Сабыр – кыйынчылыкта жол таппай турганда бүгүлбөс сөйөнүч, жыгылбас таяныч… Сабыр – жүрөккө чын ыкластуулук, жан дүйнөгө тынчтык ооруга даба… Сабыр – ачуу келгенде […]

Сизге жагышы мүмкүн