Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев каза болду

Автор

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, акын, адабий сынчы, Самсак Станалиев дүйнө салды. Бул тууралуу жазуучунун санаалаштары билдирди.
Самсак Станалиев 1950-жылы 11-сентябрда Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында туулган. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Жазуучунун поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. «Сүйүнчү», «Кыймыл», «Ылдамдык» аттуу поэтикалык жыйнактардын, «Ай нурунан аккан жаш», «Токтогулдун махабаты», «Акзыйнат», «Атайдын күйдүм чогу», «Жүрөктөгү ыр», «Раймалы» (Э. Отунчиев менен биргеликте), «Залкарлар сүйгөн сулуулар» сыяктуу тарыхта калган залкар инсандардын өмүр жолун изилдеген аңгемелердин, туңгуч советтик агартуучу, атактуу акын, 1938-жылы кандуу репрессиянын курмандыгы болгон Касым Тыныстановдун өмүр жолуна арналган «Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы», атактуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүр жолун баяндаган «Жылдын эң узак күнү», дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун тагдыр жолун ачып берген «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» сыяктуу тарыхый романдардын, ошондой эле 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган. Мындан тышкары «Токтогул району», «Бул эмне, ал ким?» аталыштагы балдар энциклопедиясынын жергиликтүү материалдарынын авторлорунун бири.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде 2 жаштагы кызды аёсуз сабаган деп өгөй атасы кармалды

Баткен районунда милиция кызматкерлери 2 жаштагы кызды сабаган деген шек менен өгөй атасын кармашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү 2 жаштагы кыз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү милицияга кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Окуя жаш […]

Сизге жагышы мүмкүн