97 жаштагы айтылуу дарыгер Мамбет Мамакеев Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди акылдуу бала деп атап, дарыгерлерге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Мен бул баланы жакшы көрөм, шыр жүрөт, ачыгын айтат. Дарыгерлер сабалып жатат деп ушул жигит айтып чыкты. Рахмат айланайын, дарыгер урганга канча сом жаза берилип же, канча жыл түрмөгө отургузуш керек экенин Жанар Акаев айтып жатат”,- деди. Эл баатыры аны укмуш бала деп атап, башынан эле сыйлап жүргөнүн билдирди.