Эртең, 21-ноябрда саат 16-00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдык мааракеси өтөт.
Ал 1943-жылы 1-майда Кара-Суу районунун Коңур-Жаз айылында туулган. 1993-жылы ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 2007-жылы мамлекеттик «Даңк» медалы, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы ыйгарылган. Белгилүү акын Жолон Мамытовдун байбичеси болгон.