Кыргыз Эл акыны Жолочу Рысбаев чын дүйнө салды

Автор

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны, сатирик Жолочу Рысбаев көз жумду. Маалыматты Маданият министрлигинен тастыкташты.
Ал Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы жарык дүйнөгө келген.
1967-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
Анын
Чырмоок, (тамсилдер),
Коңгуроо (сатиралык ырлар, тамсилдер, пародиялар),
Ой, шумдук, (ырлар, тамсилдер)
Ап-Чихи!-Чүчүңүз! (сатиралык ырлар),
Мен Мидин эмесмин, Мидин деле мен эмес (сатиралар, тамсилдер),
Ачуу-таттуу аралаш жыйнактары жарык көргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Лейлекте Ак-Суу каналы курулуп жатат

Лейлектин Ак-Суу айыл өкмөтүндө Ак-Суу каналы курулуп жатат. Анын узундугу 2500 метр. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, ал бүткөрүлсө, Жеңиш жана Ак-Суу айылдары ошондой эле эгин талаалар селден корголуп, дагы кошумча 95 гектар жер аянты өздөштүрүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн