Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билесиз?

Автор

Эне тилиңизди кордоп, башка тилди даңктап жатсаңыз, анда сиз Тоголок Молдо көчөсүн “Тагалак Малда” же, Токтогул көчөсүн “Тактагула” дегендердин катарына киресиз. Борбордогу жаштардын көпчүлүгү кыргызча аталыштарды ушинтип пайдаланышат. Кандай болгон күндө да, эне тилибизди өнүктүрүүгө бел байлашыбыз керек. Ошол максатты көздөп, күнүмдүк турмушта колдонулган сөздөрдүн котормосун топтодук.
Жаттап алыңыз!
Пробка – тыгын
Штраф – айып пул
Обычно – адатынча
Единица – бирдик
Даже – жада калса
Сразу – ошол замат, дароо
Пока что – азырынча
Хотя бы – жок дегенде
Именно – дал өзү же, нак
Редко – анда санда
По любому – баары бир же, кандай болбосун
Приложение – колдонмо
Командировка – иш сапар
Аренда – ижара
Очередь – кезек
Бронь – ээлеп коюу
Справка – маалымкат
Резюме – таржымал
Заявление – арыз
Договор – келишим
Звани – чал
Удали – өчүр
Гуляй – сейилде
Не мешай – тоскоол болбо
Шагай – кадамда
Тренируйся – машык
Примерно – болжол менен
Осторожно – акырын

Бөлүшүү:
Next Post

Лимон суусунун пайдалары

Лимон суусу – жаңы сыгылган лимон ширеси кошулган суу болуп саналат. Бул көптөгөн ден соолукка пайдалуу суусундук катары популярдуу ээ. Лимондуу суунун пайдасы: 1. Тамак сиңирүүнү жакшыртат: Лимон ширеси ашказан ширесин иштеп чыгууну стимулдайт. Бул тамак-ашты эффективдүү сиңирүүгө жардам берет. 2. С витамининин булагы: Лимондо С витамини көп, ал иммундук […]

Сизге жагышы мүмкүн