Оштогу “Кыргыз Текстил” тигүү фабрикасы жумушчуларды ишке чакырат. Аталган фабриканын директору Учкунбек Ташбаев кайрылуу жасап, “биз чоңоюп, өсүп жатабыз. Бизге жумушчулар керек. Фабрикада 700дөн ашык тигүүчү машинкалар бар. Бирок, учурда алардын 350дөйү гана иштеп жатат, калган машинкелер бош. Жумушчулар үчүн жатакана, душ, тамак-аш жана башка шарттар түзүлгөн”,- деди.
“Кыргыз Текстил” фабрикасы Оштун Кең-Сай аймагынын 25 гектарына заманбап технологиялар менен курулган. Ага белгилүү ишкер Нурбек Осмонов ээлик кылат.