Кыргыз тасмасы Орусияда чоң прокатка чыгат

Автор

Режиссёр Руслан Акун тарткан “Бейиш эненин таманында” аттуу кыргыз тасмасы Орусияда кеңири прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тасма Орусиянын 60ка жакын шаарында көрсөтүлөт жана голливуд жылдыздарынын үнү менен орус тилине орус тилине коштолгон. Министрлик фильмди түрк жана араб тилдерине да которууну пландап жатат.
Белгилей кетсек, тасма психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө инсан — 35 жаштагы Адилдин 75 жаштагы апасы Райхан апанын айылдагы жашоосун, эне-баланын укмуштуу окуялары менен коштолгон Меккеге болгон сапарын баяндайт.
Бул тасма Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстанда да кирешеси боюнча биринчи орунга чыгып, кассалык хитке айланган. Ал тургай тасма, болгону төрт күн ичинде, чет элдик блокбастерлерди артта калтырып, 1 млн доллардан ашык жыйнаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бекдөөлөт Расулбеков дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Таиланддагы дүйнө кубогунда кичи коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү 102 кг чейинки салмакта мелдештер болуп, ага жалпы 42 спортчу катышты. Бекдөөлөт Расулбеков “В” тобунда ат салышып, “түртүп көтөрүүдө” – 165 […]

Сизге жагышы мүмкүн