Кыргыз-тажик  чек ара талашына чекит коюлду

Автор

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болду. Бул туурасында министрлер кабинети билдирди.

Жолугушуу Баткен шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн.

“Делегациялардын башчылары кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелериндеги иштерди активдештирүү зарылчылыгын билдирип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришти. Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору чек аранын калган тилкелеринде долбоордук линияны сыпаттоо иштерин улантат”, — деп айтылат маалыматта.

Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган. Жолугушуу достукта жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз улуттук драма театрынын октябрь айындагы репертуары жарыяланды

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры октябрь айында коюла турган спектаклдердин тизмесин жарыялады. Спектаклдердин баары 18:30да башталат. 10.10 — Максим Горький, “Түпкүрдө”;   11.10 — Максим Горький, “Түпкүрдө”;   12.10 — Максим Горький, “Түпкүрдө”;   17.10 — Мухамедкалый Касенов, “Алда жаш жубайлар, ай!”;   18.10 — Мурза Гапаров, Галина […]

Сизге жагышы мүмкүн