Кыргыз – Тажик чек ара маселеси боюнча атайын кызматтын жетекчилери жолукту

Автор

Тажикстандын Согд облусундагы Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары — кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты. Жыйынтыгында атайын өкмөттүк топторго бул тилкелерде тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Өкмөттүн сайтында ошондой эле 1-6-июль күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өткөнү кабарланды. Анда “тараптар чек ара сызыгынын калган тилкелерин баяндап жазуу тууралуусунуш алмашты.
Кийинки жолугушуу Кыргызстанда болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир дагы коалиция же партия парламентте абсолюттук көпчүлүккө ээ боло алган жок

Солчул күчтөрдүн альянсы «Жаңы элдик фронт» парламенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Бул экинчи турдун жыйынтыгында белгилүү болду. Президенттин «Бирге» коалициясы экинчи орунду ээледи. Биринчи турда жеңишке жеткен Марин Ле Пендин «Улуттук биримдик» партиясы үчүнчү орунду ээледи. «Жаңы элдик фронт» – 182 мандат; «Бирге» – 168; «Улуттук биримдик» – 143; «Республикачылар» – […]

Сизге жагышы мүмкүн