Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Ятимов кайрадан жолукту

Автор

Бүгүн, 4-декабрда Кыргызстандын Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты.
Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмаларды беришти.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК салыкчылардын кармалышы тууралуу маалымат берди

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматындагы жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым ири өндүрүүчүлөр менен импортчулар (алкоголдук ичимдик, кумшекер азыктары жана тамеки) факт түрүндө өлкөнүн түштүк аймагына товар жеткирип, бирок документ жүзүндө толук маалымат болгон эмес. Салыкчылар кызмат абалынан […]

Сизге жагышы мүмкүн