Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жыйыны өттү

Автор

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу Баткен шаарында 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин болгон. Анын алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашты.
Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Франция парламенти Макронго импичмент жарыялайбы?

Франциянын Улуттук жыйынында, парламенттин төмөнкү палатасында, солчул “Багынбаган Франция” партиясы тарабынан сунушталган президент Эммануэль Макронго импичмент жарыялоо резолюциясы каралат. Партия мындай демилгени Франция лидери парламенттик шайлоодо коалициясынын жеңишине карабастан, солчулдарды жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн курамына киргизүүдөн баш тарткандан кийин көтөрдү. Сунуш Франциянын конституциясынын 68-беренесине ылайык киргизилди, анда президент өз милдеттерин […]

Сизге жагышы мүмкүн