Кыргыз-тажик чек арасынын 101,86 чакырымы такталды

Автор

2021-жылдын май айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 101,86 чакырымды түзгөн чек ара сызыгы такталды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башынан бери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору алты ирет жолугушуу өткөргөн.

«Учурда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жетинчи жолугушуусу өтүүдө. Ал 10-августка чейин созулат», — деп билдиришти министрлер кабинетинен.

Бөлүшүү:
Next Post

Соккулардан 7 адам курман болсо 65тен ашыгы жарат алды

Россиянын Донецк облусунун Покровск шаарына эки жолку соккусунан турак-жайлар, административдик имараттар жана мейманкана зыянга учурады. 7 адам каза болуп, 67си жарадар болгон. Алардын ичинде 29 милиция кызматкери, 7 куткаруучу жана 2 бала бар. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысы Игорь Клыменко билдирди. Аткылоодон каза болгондордун бири – Мамлекеттик өзгөчө […]

Сизге жагышы мүмкүн