Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Автор

Кыргыз-тажик чек арасында жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 22-ноябрда саат 13:16да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 (Ачык-Суу айылынан 10 чакырым түштүктө, Ош шаарынан 133 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш 25-27-ноябрь күндөрү “Газпром” спорт комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчулөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Оор атлетика федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат. Таймаштар өтө турган салмактар: […]

Сизге жагышы мүмкүн