Кыргыз спортчулары 6 айда жалпы 248 медаль утту

Автор

Кыргыз спортчулары үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча жалпы 248 медаль утту. Бул тууралуу маданият министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдумомунов министрликтин коллегиясында билдирди.

Ошондой эле ал 6 айдын аралыгында 78 республикалык спорттук-массалык иш-чара, 1 миң 527 спорттук-массалык иш-чара, 53 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлүп, ата мекендик спортчулар 73 эл аралык мелдешке жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Айбек Абдумомунов белгилегендей, жыйынтыгында ата мекендик спортчулар 248 медаль утту, анын 88и алтын, 69у күмүш жана 91и коло медаль.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаровдун өлкөнүн түштүгүнө болгон сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 27-31-июль күндөрүндө Жалал-Абад, Ош облустарына жана Ош шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Мамлекет башчысы жумушчу сапарынын алгачкы күнүндө Жалал-Абад шаарында жаңы Сот адилеттиги үйүн ачты. Ал өлкө боюнча экинчи Сот адилеттиги үйү болуп калды. Бул жерде сот системасынын бир нече органдары жайгаштырылат, мындан улам чыгымдар олуттуу кыскарат […]

Сизге жагышы мүмкүн