Кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча байгелүү орундарга ээ болушту

Автор

Нурсултан Кеңешбеков жана Алымкан Жамшитбекова Эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нурсултан Кеңешбеков жана Алымкан Жамшитбекова Усть-Каменогорск шаарында (Казакстан) өткөн Ольга Рыпакованын байгесине арналган IV Эл аралык мелдешинде байгелүү орундарга ээ болушту.

Нурсултан Кенешбеков 1500 аралыкка чуркап 1-орунду ээлесе, кыз-келиндер арасында Алымкан Жамшитбекова 800 метр аралыкка чуркап 2-орунду багындырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда кызамыктын 536 учуру аныкталды

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 536 учуру аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү: Бишкек шаары – 177 учур, Ош шаары – 9 учур, Чүй облусу – 132 учур, Жалал-Абад облусу – 130 учур, Ош облусу – 75 учур, […]

Сизге жагышы мүмкүн