Кыргыз спортчулары Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 2 коло медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын грэпплинг боюнча курама командасы Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 66 кг чейинки салмакта Сыймык Махмедов жана 100 кг чейинки салмакта Евгений Слесаренко коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, буга чейин самбо боюнча курама команда 3 коло медалга ээ болсо, каратэ боюнча 75 кг чейинки салмакта Назым Нурланов күмүш медалдын ээси болгон.

Мелдеш 20-октябрдан 30-октябрга чейин уланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ШКУ, КМШ жана ЕӨАК жыйындары өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өткөрүлөт. Жыйындардын жүрүшүндө уюмдарга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты чыңдоонун актуалдуу маселелери каралып, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө бир катар […]

Сизге жагышы мүмкүн