Кыргыз мушкерлери Эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште 6 жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Анвар Хожиев (48 кг) жана Санжар Сейдакматов (57 кг) алтын медаль жеңип, мелдештин жеңүүчүлөрү болду.
Ислам Төрөбаев (57 кг), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг), Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) коло байгеге татышты.
Ал эми, 9-октябрда 67 кг чейинки салмак чен бирдигинде Алмаз Орозбеков алтын байге үчүн күч сынашат.

Бөлүшүү:
Next Post

10-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй облусутарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын […]

Сизге жагышы мүмкүн