Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Автор

Кыргызстан менен Кытай чек арасындагы «Торугарт» менен «Эркеч-Там» бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өткөрмө бекеттерди жабуу Кытай тараптын демилгеси. Кытайда Цинмин — маркумдарды эскерүү күнүнө карата «Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү бекеттери 4-апрель күнү жабык болот.
5-апрелден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров КЭР СУАР Элдик ѳкмөтүнүн төрагасы Эркин Туниязды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө иш сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономдук районунун Элдик ѳкмөтүнүн төрагасы Эркин Туниязды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү долбоорлор, өзгөчө санариптештирүү, транспорттук логистика, инвестиция, айыл чарба жана гуманитардык багыт сыяктуу тармактар боюнча пикир алмашуу […]

Сизге жагышы мүмкүн