Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Автор

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Кытайда жаз майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү жайлары 10-февралдан баштап 12-февралды кошуп алган мезгил аралыгында жабык болот.
“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2024-жылдын 13-февралынан баштап жанданат.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия Кубогу: Катар Иран курамасын финалга чыкты

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун экинчи жарым финалдык беттешинде Катардын курама командасы Ирандын курамасын 3:2 эсеби менен жеңип, чемпионаттын финалына чыкты. Доха шаарындагы “Аль-Тумама” стадионунда өткөн оюнда ирандыктардын катарынан Сердар Азмун (4-мүнөттө) менен Алиреза Жаханбахш (51-мүнөттө) гол киргизсе, катарлык оюнчулар Жассем Габер Абдулсаллам (17-мүнөттө), Акрам Афиф (43-мүнөттө) жана […]

Сизге жагышы мүмкүн