Кыргыз-кытай чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Автор

Бүгүн, 17-октябрда саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 80 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 150 чакырым жана Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 153 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункттарында — Бедел, Ыштак, Кара-Сай айылдарында жер титирөөнүн күчү — 4 балл, ал эми Кумтөр кенинде 3 баллга чейин сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский Радада «жеңиш планын» сунуштады

Украина президенти Владимир Зеленский Жогорку Радада өзүнүн «жеңиш планын» сунуштады. Ал депутаттарга «жеңиш планы» «тынчтык саммитине көпүрө» болорун айтты. Анын жардамы менен согуштук аракеттерди 2025-жылдан кечиктирбей аяктоого болорун кошумчалады. План төмөнкү пункттардан турат: Согуш бүтө электе эле Украинаны НАТОго чакыруу. Россиянын аймагында операцияларды улантуу жана анын аймагына соккуларга чектөөлөрдү алуу. […]

Сизге жагышы мүмкүн