Кыргыз кинематографиясынын ийгилиги
Режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында ” тасмасы Казакстанда 4 күндө 1 миллион доллар чогултту. Бул тууралуу соцтармакта кыргыз тасмасынын ийгилигине куттуктоолор жазылууда.
Казак көрүүчүлөр кыргыз тасмасын жакшы маанайда кабыл алып, мактап жатышат. Мына ушул багытта иштешибиз керек деп айтылат.
Башкы ролду Кыргыз Республикасынын артисти Анара Назаркулова жана киноактер Эмил Эсеналиев аткарышкан.
Тасма Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган.