Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу  унаалар көбөйдү

Автор

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн унаалар көбөйдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында 493 унаа турат, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайынын алдында 146 автоунаа турат.

Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа чыккан.

Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасы тууралуу кызыктуу фактылар

66 жылдын ичинде дүйнө айыл чарбасынын эффективдүүлүгү 2,5 эсе өстү. Дыйкандар азыр 1950-жылдагыга караганда азык-түлүктү 262 процентке көбүрөөк иштеп чыгарышат. Мындан 10 жыл мурун 1 америкалык фермер 144 адамды тамак-аш менен камсыз кылган. 1940-жылы орточо америкалык фермер 19 башка адамды гана бага алган. Дүйнөдө ар бир бешинчи адам мал чарбачылыгында […]

Сизге жагышы мүмкүн