Кыргыз-казак чек арасындагы унаалар боюнча  соңку абал айтылды

Автор

Бүгүн, 24-августта Чек ара кызматы саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттеринде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалар жөнүндө маалымат таратты.

Маалымдалгандай, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 379, “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73.

Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, «Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан бери жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болду. Анда айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Фукусима-1ден чыккан суу океанга төгүлө баштады

Япониянын адистери «Фукусима-1» атомдук электр станциясынан радиоактивдүү заттардан тазаланган суунун биринчи партиясын океанга төгө башташты. Аймакта аба ырайы нормалдуу болгондуктан, бул иш баштапкы план боюнча жүргүзүлүүдө. Тазаланган суу жээктен 1 чакырым аралыкка курулган суу астындагы тоннел аркылуу чыгарылат. Агып чыгаруу нормасы суткасына 460 тоннага жетет. Белгиленгендей, ар бир тонна 1,2 […]

Сизге жагышы мүмкүн